10 миң тонна ун. Казакстан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтөт

Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 10 миң тонна ун гуманитардык жардам катары жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Президент Касым-Жомарт Токаев салттуу достук жана стратегиялык өнөктөш, боордош Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт өлкө башчынын буйругун аткарууга киришти", - деп жазып калтырган Берик Уали.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД