Орозо айт майрамы качан болору айтылды

13-май, бейшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: "Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла"- деп буйруган. (Муслим, 1081).

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде 13-май Орозо Айт майрамы деп белгилнди.

Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД