Жапаров майдын этегинде Россияга барары айтылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров май айынын аягында Россияга иш сапары менен барары макулдашылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө бүгүн Жапаров Россия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Россия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашканы белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД