Депутаттар ЖККУнун ролу жөнүндө маселе козгошту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында депутаттар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга мамилесин сөз кылышты.

Жыйында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимдердин бири талкууланып жатканда айрым депутаттар ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чек ара чыры чыкканда реакция кылбаганын сынга алышты.

Алардын бири, депутат Айбек Осмонов уюмга мүчө болуунун зарылчылыгы канчалык экени тууралуу суроо койду:

"ЖККУ адилеттүү карап койгон жок бир мамлекет экинчи мамлекетке ачыктан ачык кол салып жатса. Ушуга биз кандай сунуш, реакция кыла алабыз же унчукпай отуруп кала беребизби? Анда биз эмнеге кирдик ЖККУга? Негизи адилетсиздик кылган ушундай уюмга кошулуунун кереги деле жок деп эсептейм".

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болду.

Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД