Баткен: Чек арадагы чырдан улам 18 мектепте окуу үзгүлтүккө учураган

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын айынан окуу процесси убактылуу үзгүлтүккө учураган 18 мектептин дээрлик баарында иш калыбына келди. Бул тууралуу 11-майда "Азаттык" радиосуна жергиликтүү администрациядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө үч мектеп ишин токтотуп турат.

Алардын бири – Лейлек районунун Максат айылындагы орто мектептин имараты такыр жараксыз абалга келген. Мындан тышкары Баткен районундагы Таш-Тумшук айылындагы жана Ак-Сай айылындагы Б.Хожаев атындагы мектептерде да коопсуздук маселесинен улам окуу токтогон.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД