ХАМАС тобу Израилдин Иерусалимдеги "агрессиясы" үчүн ракета атты

ХАМАС тобу Аль-Акса мечитине байланыштуу Израиль полициясына ультиматум койду. Израиль полициясы менен кагылышууларда 300дөй палестиналык жаракат алганына жооп катары Газа тилкесинен ракета атты.

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС уюму буга чейин Израилден Ал-Акса мечитинин жанындагы жана башка аймактардагы аскердик күчтөрүн 18:00гө чейин чыгарып кетүүсүн талап кылган. 10-майда Газа тилкесинен Израилдин аймагына абадан сокку ургандан кийин Иерусалим кайрадан ракеталык чабуулун баштады.

Палестина тарап 20 адам өлгөнүн, 65 адам жаракат алганын билдирди. Ошондой эле ХАМАС кыймылы Израилдин коопсуздук күчтөрүнөн Чыгыш Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинен чыгып кетүүсүн талап кылып, "чара көрүлөт" деп коркутушкан. ХАМАСтын басма сөз өкүлү Абу Обейда ракеталар Израилдин Иерусалимдеги "агрессиясы" үчүн учурулганын айтты.

"Газадан тынымсыз атылган ракетага жооп катары биз ХАМАС террордук уюмунун Газадагы көптөгөн буталарына, анын ичинде эки гранатомет менен эки аскер постуна жана ХАМАСтын сегиз согушкерине кол салдык", - деп билдирди IDF.

Иерусалим ошондой эле Палестина Израил тарапка 10 сааттан бери ракеталык сокку уруп жатканын тактады.

10-майда Палестина тараптан Израилге 150дөн ашуун ракета атылды. Жоопкерчиликти ХАМАС кыймылы өз мойнуна алган, кийинчерээк Иззаддин аль-Кассам бригадасынын согушчан канаты Израилден полиция кызматкерлерин эки сааттын ичинде Аль-Акса мечитинен чыгарып кетүүнү талап кылып, өч алабыз деп коркуткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД