Военно-Антоновкадагы курулуп жаткан мектептин баасы 200 миллион сомдон ашты

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитети Сокулук районунда көчмө жыйын өткөрүп, 8 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан Военно-Антоновка айылындагы мектепке барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт өкүлдөрү маалымдагандай, 700 орунга ылайыкталган мектептин курулушу алгач 174 миллион 400 миң сомго бааланган. Бирок курулуш башталганда жер астынан суу чыгып, жер кыртышын аныктоо туура эмес болгондугу билинген. Натыйжада мектептин наркына кошумча 30 миллио сом керектиги талап кылынган. Азыркы учурда мектеп дээрлик 80 пайызга аяктап калган.

Эл өкүлү Тынчтыкбек Конушбаев жана Рыскелди Момбеков бул конуштун балдары жакыныраак жердеги мектепге барышарын, ал жакта сапаттуу билим ала албай жатканын айтышты. Депутат Тынчтыкбек Конушбаев тармактык комитеттин депутаттары ушуну менен 5-жолу көчмө жыйын менен мектепке келишкенин, бирок ушул күнгө чейин курулуш бүтпөгөнүнө нааразылык билдирда. Ал архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикти, подрядчы компанияны айыптады. "Былтыр айткансыңар сентябрда колдонууга берилет деп, быйыл да ошол сөздү кайталап жатасыңар. Акчасы чечилсе эмне үчүн курулуш бүтпөй жатат?", -деди депутат Конушбаев.

Депутат Рыскелди Момбеков "Мындагы балдар жогору жактагы мектепке барышат, 4 нөөмөт менен окуп келишти. Класска балдар батпай үч-төрттөн отурушканын өз көзүбүз менен көргөнбүз. Мен ушул жакта жашагандыктан, жергиликтүү тургундар күн сайын мага арызданып келишет. Деги мектеп качан бүтөт?", -деп суроо койду. Архитектура, курулуш боюнча мамлекеттик агенттитин директору Уланбек Калманбетов 10 күндүн ичинде сметалык документтер даярдалып бүтөрүн айтты.

Эл өкүлдөрү курулуштун наркы өтө кымбаттап, "алтын мектепке" айланганын айтып сынга алды. Комитет мүчөлөрү мектептин курулушу боюнча көп териштирүүчү жагдайлар бар экенин белгилеп, жумуш тобун түзмөй болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД