Баткенде 232 гектар өрүк, 32 гектар алманы үшүк алды

Баткен облусунун дыйкандарына күзүндө жардам катары көчөт, үрөн берилет. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков "Маралга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл Баткен районунда 4 миң 543 гектар өрүк бар болсо, анын 232 гектарын үшүк алып кетти. Кадамжай менен Лейлек районунда 230 гектардай алма бак болсо, анын 32 гектарын үшүк алды.

"Бул жалпы Баткен облусу үчүн бул анча чоң көйгөй эмес. Бирок дыйкандар жылына тапкан кирешесинен ажырап калды. Биз күздө дыйкандарга үрөн менен, көчөт менен жардам беребиз", - деди министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД