Өзгөндө 8 жашар баланы сел агызып кетип каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жаштагы баланы сел агызып кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

11-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна кирген.

Акжар айыл аймагындагы 11-май күнү саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн. Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен.

Аталган жаран туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД