Кытай кыргызстандан кандай азык-түлүктөрдү алууга кызыктар?

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына расмий сапарынын алкагындагы жолугушууда кытай тарап Кыргызстандан айрым азык-түлүктү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүнү кааларын билдирди.

Кытай Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына расмий сапары менен барганда белгилүү болгонун ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Кытай Кыргызстандан картошка, буурчак, жүзүм алууга кызыгып жатат", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Кыргызстан негизинен азык-түлүктү Казакстан, Россия сыяктуу мамлекеттерге эспорттойт. Кургатылган жемиш, бал өңдүү товарлар гана Сауд Аравиясы, АКШ, Япония, Кувейт, Франция баштаган бир катар алыскы өлкөлөргө жөнөтүлөт. Бирок көлөмү анча чоң эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД