Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 100 миңге чукулдады

Кыргызстанда 12-майга карата дагы 283 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Анын ичинде, Бишкекте – 158, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 75, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан вирус табылган.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 99 миң 316 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте – 5, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду. Бул оорудан көз жумгандардын жалпы саны 1675ке жетти.

12-майга карата 289 адам коронавирустан айыгып чыккан. Илдеттен сакайгандар жалпы 92 миң 409 киши.

Ушул күндөрү ооруканаларда 1755, үй шартында 2472 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 89 бейтап өтө оор абалда, 447 адамдын абалы оор, 1204 бейтаптын абалы орто оордукта.

Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4511ге жетти. Акыркы суткада 6 медиктен вирус аныкталды. Ооруп айыккан кызматкерлер 4446.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД