Москвада массалык мушташ болуп 230 мигрант кармалды

Москванын борборунда курулушта жумушчулардын массалык мушташы болду. Натыйжада 230 адам полиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, мушташты негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар баштаган. Мушташка 50гө жакын адам катышкан. Полицияга 170 мигрант жеткирилген, алардын 116сы Өзбекстандын жарандары, 35и Тажикстан, 12си Түркия, төртөө кыргыз жана бирөө Беларуссиянын жарандары.

Полдун бузулган плиткалары үчүн чыр чыгып, бирок көп өтпөй оозеки жаңжал мушташка айланып кеткен.

Мындан тышкары, дагы 60 адам окуя болгон ошол эле даректен башка полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бардыгы маалымат базалары менен текшерилип, административдик протоколдор түзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД