Апрелде жазгы талаа жумуштары кечеңдеди

Апрель айындагы жазгы талаа жумуштарынын темпи өткөн жылга салыштырмалуу артта калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат. Буга апрель айындагы туруксуз аба ырайы себеп болгон.

Устүбүздөгү жылдын 23-апрелине карата жалпысынан 375 миң гектарга үрөн себилди. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 43,4 миң гектарга же 10,4 пайызга аз.

Быйылкы айдалган жерлер Чүй облусунда 42 пайызды, Ош облусунда 20,3 пайызды, Ысык-Көл облусунда 14,2 пайызды, Жалал-Абад облусунда 13,8 пайызды түзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД