Палестин-израил куралдуу жаңжалы курчуду

Газа секторунда Израил жана палестиналыктар ортосундагы куралдуу жаңжал өткөн түнү дагы курчуду. 12-майда Газанын саламаттык сактоо мекемеси отуздан ашык палестиналык мерт болгонун, алардын ону балдар экенин кабарлады. Эки күн мурун башталган куралдуу жаңжалда жалпысынан 200дөн ашык палестиндиктер жараат алган.

Ал эми израилдик аскерлер тилкеге чабуул учурунда жыйырмадай палестиналык согушкер өлтүрүлгөнүн расмий ырасташты. ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу жөөттөр жашаган аймакты ракеталар менен аткылаган учурда жети израилдик мерт болуп, ондогон тургун жараат алган.

Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине чабуул койду. Алардын бир нечеси адамдар жашаган имараттарга жакын жайгашкан.

Израил менен Палестинадагы Хамас тобунун ортосундагы соңку жаңжал 2014-жылдан бери эң ири кагылыш болуп калды. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат.

Акыркы күндөрү Израилдин аймагында жашаган араб азчылыктары палестиналыктарга тилектештигин билдирип чыгышты. Алар Израилдин бийлиги экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кыларын айтышууда. Лод, Тель-Авивдин четиндеги Бен-Гурион аэропортунун айланасындагы арабдар жана жөөттөр аралаш жашаган райондордо кырдаал күчөдү.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Лоддо өзгөчө абал режимин киргизди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД