Президент көп балалуу энелерди сыйлоо жарлыгына кол койду

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне "Баатыр эне" ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

"Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыктын тексти".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД