Канада менен Улуу Британиянын элчиликтери Кумтөр боюнча билдирүү жасады

Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турабыз. Бул тууралуу Канада менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин Кумтөр кени боюнча жасаган бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат.

Алар аталган кенге байланышкан окуялардын өнүгүшүнө көз салып турганын билдиришти.

"Биз "Ачык акционердик коомдор жөнүндө" кабыл алынган мыйзамы менен парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна байланыштуу окуялардын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Түшүнгөнүбүз боюнча, Жогорку Кеңеш "Кумтөр Голд" компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулайт. Бул эки учур тең Кыргызстанга келе турчу түз инвестицияларга кесепетин тийгизип калышы мүмкүн. Таза, акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү мааниге ээ. Ал эми соодага жана чет өлкөлүк түз инвестицияга терс таасир берген чаралар кыргыз элинин ансыз да морт болуп турган экономикасына залалын тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

Эки элчилик келишпестиктер Кыргызстандын министрлер кабинети жана чет өлкөлүк инвесторлордун сүйлөшүүсү аркылуу тез арада тынчтык жолу менен чечилерине ишеним артарын белгилешкен.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. - канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД