Жээнбеков Мелис Аспековду сотко бере турганын айтты

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Анда экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганы айтылган.

"Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда "Фейсбуктагы" баракчасына акыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ал "шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум" деп өзүнүн бир нече фактыларын келтирген.

Бирок буга чейин Садыр Жапаров Аспеков анын шайлоо штабында иштебегенин билдирген болчу.

10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган.

УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД