ЭВЕРЕСТЕ ЭКИ АЛЬПИНИСТ КӨЗ ЖУМДУ

Коронавирус эпидемиясынан улам өткөн жылы жабылып, апрель айынын экинчи жумасында жаңыдан туристтерди кабыл ала баштаган Эверест тоосунда америкалык жана швейцариялык 2 альпинист көз жумду.

Непалда бул тармакта иштерди уюштуруучулар 40 жаштагы швейцариялык альпинист Абдул Вараич чокуга жеткенден кийин чарчоодон, 55 жаштагы америкалык Пувэй Лю офтальмия жана чарчоодон улам көз жумганын билдиришти.

Эверест тоосунда 2019-жылы 11 жоготуу болгон. Мындай учурлар жылына бешке чейин жетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД