Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелип мурда 8 жолу сот жообуна тартылган

Кадамжай шаарында тоноочулук кылмышка шектелген 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга 53 жаштагы О.А. аттуу тургун кайрылган. Ал түн ичинде жолдо бара жатканда ага бейтааныш болгон, 20-25 жаштар чамасындагы жигит 19000 сомдук телефонун тартып алып, денесине жаракат келтирип белгисиз жакка качып кеткенин билдирген. Бул факты Кадамжай РИИБде Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен катталып, сотко чейинки өдүрүш иши башталган. Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип мурда 8 жолу сот жообуна тартылган, Кадамжай 26 жаштагы шаарынын Н.Н. аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД