АКШда эмделгендер беткапсыз жүрө алат

АКШда коронавируска каршы вакцина алгандарга мындан ары беткапсыз жүрүүгө уруксат берилди. Мындай чечимди өлкөнүн Ооруларды алдын-алуу жана көзөмөлдөө борбору 12-майда жарыялады. Аталган борбордун жетекчиси Рашель Валенски "Вакцинанын эки дозасын алгандар имараттын ичинде жана көчөдө беткап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай койсо болот. Сиз пандемиядан улам буга чейин аткарууга мажбур болгон нерселерди эми жасабай койсоңуз болот", -деп билдирди.

Мындан ары көпчүлүк катышкан иш-чаралар, спорттук мелдештерде эмделген америкалыктар беткап тагынбаса болот.

Валенски кошумчалагандай, эмдөөдөн өткөндөрдө СOVID-19 вирусуна каршы иммунитет пайда болгону байкалган. Алардын арасынан аз сандагы адамдар вирус жугузуп, бирок оорусу жеңил формада өткөн.

АКШнын президенти Жо Байден агенттиктин чечимине байланыштуу "өлкө үчүн жакшы күн болду" деп комментарий берди. Учурда Кошмо Штаттарында коомдук транспорт, поезд жана учактарда, медициналык жана пенитенциардык жайларда беткап тагынуу милдетүү бойдон калат.

Коронавирусту жугузгандар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө азайганы менен Индия, Бразилия сыяктуу калкы көп мамлекеттерде көбөйүп жатат.

Индияда вирустан каза болгондордун расмий саны 258 миңден ашты. Адистер иш жүзүндө мындан көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Коңшу Непалда да вирус жугузгандардын саны күн санап өсүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД