Кадамжайда түн ичинде телефон тартып алган шектүү кармалды

Баткендин Кадамжай районунда телефон тоноочулуктун бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кадамжай шаарынын 53 жаштагы тургуну түн ичинде жолдо бараткан учурда белгисиз жаран анын 19 миң сомдук телефонун алып, анын денесине жараат келтирип белгисиз жакка качып кеткен. Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда 8 жолу сот жообуна тартылган Кадамжай шаарынын 26 жаштагы тургуну кармалган. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД