15-майдын аба ырайы

15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19…24;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градус болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД