Ысык-Көлдө 9-эл аралык марафонго старт алды

Бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусунда "Run the Silk road - Shanghai Cooperation Organization" 9-эл аралык марафону өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо старт берди, деп билдирди басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

"Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону "квалификациялык" деп таанылган. Марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо бериле.

2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргени. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

"Спорт - ден соолук, ден соолук - элдин байлыгы, дени сак улут - өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү - бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Мамлекет дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин уланта берет. Дене тарбия жана спортту ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү спорттук иш-чарага катышкан бардык жеӊил атлетиканы сүйгөн спортчуларга үй-бүлөлүк бакыт, албан-албан ийгиликтерди, коомдун активдүү инсандарынан болууну каалады.

"Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш - бул сиздердин катышканыӊыздар!

Бардыгыӊыздарга ийгилик!", - деп сөзүн жыйынтыктады президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД