Кызматтык милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматкерлери эскерилд

Өлкөдө жыл сайын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон ИИМдин жана ички аскерлердин кызматчыларынын жаркын элестери эскерилип келет. Бүгүн, 15-май күнү ИИМдин имаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, кызматтарынын жетекчилери жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 57 кызматкер, жалпы 144 кызматкер кызмат учурунда курман болгон.

"Бүгүн кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары даңазалуу күжүрмөн каада-салтты бекем кармап, муундан-муунга калтырып, ар-намыс жана кадыр-барк менен республикабыздын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарып келишет", - деди Нурбек Абдиев.

Министрдин орун басары эскерүү учурунда жүздөгөн милиция кызматкерлери кылмыштуулукка жана кылмышкерлерге каршы аёосуз күрөштө бычактын мизи менен басышып, атылган окко тике карап, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун сактап калууда эрдик көрсөтүшүп, жаркын келечек үчүн, бейпил жашоо үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болушканын айтты.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ардагерлер кеңешинин атынан сөз сүйлөп, "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматы ар дайым тобокелчилик менен коштолгон. Көп учурда милиция коркунучка, өзгөчө кырдаалдарда тайманбастан бетме-бет кездешип, өздөрүнүн эрдигин жана кайраттуулугун көрсөтүшүүдө. Милиция кызматкерлери баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп, кызматтык милдеттерин аткаруу менен өз өмүрлөрү менен кош айтышууда. Биздин арабызда жок кызматкерлер биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталуу бойдон калат", - деп баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элестери үчүн арналган мемориалга гүлдөр коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД