35 өлкө катышкан Ысык-Көл марафонунда кыргызстандык жубайлар баш байге алды

Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда кыргызстандык жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицская баш байгени утуп алды

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" эл аралык марафону өттү.

Иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.

Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын эки спортчусу үчүнчү орунду алды.

Эркектер арасында:

Илья Тяпкин – 1-орун, 2 саат 27 мүнөт 48 секунд;

Жоодарбек Көчкөнбаев – 2-орун, 2 саат 29 мүнөт 50 секунд;

Шакиржан Маматкулов (Өзбекстан) – 3-орун, 2 саат 37 мүнөт, 56 секунд.

Кыз-келиндер арасында:

Мария Коробицская – 1 орун, 2 саат 39 мүнөт, 40 секунд;

Дарья Маслова – 2 орун, 2 саат 44 мүнөт 53 секунд;

Гүлшаной Сатарова – 3-орун, 2 саат 46 мүнөт.

Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек

Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД