Ошто окуучуларга бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынганы эскертилди

Ош шаарында мектептеги бүтүрүү кечелерине байланыштуу иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жакынкы күндөрдө бүткүл өлкө аймагында 11-класстын окуучулары мектеп уясынан учушуп, акыркы коӊгуроо кечелерин, андан сырткары адатка айланып калган 10, 20 жылдык жолугушууларын өткөрөт. Буга байланыштуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы мектептерде окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана буйрутма алып жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын арасында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаранын негизги максаты - өлкөдөгү коронавирус жана пневмония илдеттеринин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу, санитардык эрежелердин так сакталышын, бүтүрүүчүлөр тарабынан автоунаа кортеждерин уюштуруп же болбосо айдоочулук күбөлүгү жок ата-энесинин унаасын башкарып жүрүшүн алдын алуу. Унааларга жасалма мамлекеттик белгилерди жазып тагып алган болсо Жоруктар кодексинин 173-беренесинин (транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу) негизинде айып пул салынат.

Аны менен бирге эле көӊүл ачуучу жайларда да бүтүрүүчүлөр тарабынан салтанатуу кечелерди уюштурууга тыюу салынып, жер-жерлерде милиция кызматкерлери бул боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышары жана жогоруда аталган фактылар катталган учурда ата-энелерге айып пул салынары эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД