"Кумтөр" боюнча тасма көрсөтүлүп жатат

"Кумтөрдүн" ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кендеги иликтөө боюнча 834 барактан турган отчет даярдады. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров кабарлады.

Ошондой эле 27 мүнөттүк тасма даярдалган. Алгач ошол тасма көрсөтүлүп жатат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, бүгүн парламенттин кезесиз жыйынында 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету, 2013-жылда түзүлгөн комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктары жана учурдагы депутаттык комиссиянын алдын ала отчету угулат.

Андан кийин "Центерранын" директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Кутманова Динаранын да маалыматтары угулат.

Парламенттин кезексиз жыйынына Министрлер кабинетинин Улукбек Марипов баштаган мүчөлөрү да катышууда.

Бишкектин райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын келтирилген зыяндары үчүн 3 млрд доллар өлчөмүндө айыпка жыккан. Ага чейин Кыргызстанда "Кумтөр" алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды.

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД