Генерал Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду

2021-жылдын 15-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 км 195 метр аралыкта чуркоо боюнча "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулган. Бул марафонго жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген 3000 ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр катышкан. Аталган марафонго кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Киязов Кемелбек Абдыкадырович дагы катышты. Кемелбек Абдыкадырович 65 жаштан жогорку курактагылар арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду.

Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Учурда ал 65 жашта. Ал 3 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан.

Ардагерибизге кажыбас кайрат, узун өмүр жана спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди багындыра беришин каалап кетмекчибиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД