БШК: үч шаардагы кайра шайлоого 40 миллиондой сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов кабарлады.

"Жыйынтыгы жокко чыгарылган мурдагы шайлоого деле болжол менен ушундай суммадагы каражат кеткен. Бул ирет мындан да азырак коройбу деп турабыз. Себеби, биздин эсепке ылайык, шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кырк күндөй эле иштейт. Ал эми мурдагы шайлоодо эки айдан ашык иштеген".

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 млн. сом жумшалган.

Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД