Камчыбек Ташиев: "УКМК "Кумтөрдүн" жетекчилигине козголгон ишти иликтөөдө

УКМК "Кумтөрдүн" жетекчилигине каршы козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Бул жерде токтомду кандай кабыл аласыңар өзүңөрдүн жумушуңар. "Кумтөр" кенине байланыштуу 4 кылмыш иши бар. Алардын бири мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн компанияга кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө. Салыктык чегерүүлөрдү эсептөө жана зыяндуу заттардын жүгүртүлүшү жана абанын булганышынын эрежелерин бузуу жөнүндө иш бар", - деди Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, компаниянын жетекчилигине кылмыш иши козголгон. "Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. "Кумтөрдөн" колдоо алган депутаттарды дагы текшеребиз. Бул негизсиз айыптоолор эмес, бул конкреттүү кылмыш иштери", - деди Камчыбек Ташиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД