Нарындын Жалгыз-Терек айылындагы тургундар таза сууга жетпей убайым тартышу

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында таза суу маселеси чечилбей келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, таза суу насостун жардамы менен чыгат. Ага бир нече адам кезекке турат.

"Айылыбыздагы эң көйгөйлүү маселелердин бири - таза суу. Суу насосу менен суу алабыз. Ал саат 11:00дөн саат 15:00гө чейин иштейт. Калган убакта чыкпайт. Сууга кезекке турабыз. Эшек, уй, жылкыдан бери келет. Айыл элинин караганы бир насос", - дешти айыл тургундары.

Ошондой эле, алар кээ бир учурларда электр энергиясы оңдоп-түзөөдөн улам өчүрүлгөн учурда таза суу такыр чыкпай каларын кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД