Ак-Сайга чек арачы менен УКМК кызматкери келген.

Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, түшкө маал бошотушкан. Чырдын себебин УКМК айтып берди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Ак-Сай айылындагы болгон чыр-чатактын чоо-жайын айтты.

Эскерте кетсек, эртең менен чек арада кырдаал туруксуздашып жатканы, буга эки тараптын бир нече адамды барымтага алышы себеп экени айтылган.

Билдирмеге ылайык, Ворухтан Исфара шаарына бараткан маршруттук такси Ак-Сай айылына токтоп, ичиндеги үч киши түшүп калган. Аларды транзиттик жолдон өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармаган.

Териштирүүдө алардын бири Тажикстандын УКМКсынын кызматкери экени, экинчиси Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкери экендиги аныкталган.

Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту

Ошол эле учурда Баткен районунун Тамдык жергесинен Ворух анклавы аркылуу Ак-Сай айылына бара жаткан кыргызстандык үч кишини коңшу өлкөнүн 30-40 адамдан турган тобу кармап алган.

Баткен жана Согди облустарынын башчылары сүйлөшүп, кармалгандарды алмашуу чечими кабыл алынган. Бирок алмашуу жүрө турчу жерге Ак-Сай айылы аркылуу баратканда Кыргызстандын жарандары Тажикстандын УКМКсынын Чек ара күчтөрүнүн аскер кызматкерлери бараткан унааны таш менен ургулашкан.

Бүгүн саат 13:30да эки өлкөнүн жарандары эки жакка өткөрүп берилген.

Ал эми буга чейин облус бийлиги барымтага алынгандар сабалганын да айткан. Баткендин милициясы муну тастыктап, жабыркагандар ооруканага жеткирилгенин белгиледи.

Эске сала кетсек, Ак-Сай айылы аркылуу Ворух анклавынан Исфара шаарына барган жол транзиттик болуп саналат. Бул жактан токтоосуз өтүүгө, адамдарды түшүрүүгө жана отургузууга, жүк жана башка мүлктү жүктөөгө жана түшүрүүгө тыюу салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД