Президент жергиликтүү үч судьянын ыйгарым укуктарын узартты

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык, КРдин жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 12-ноябрынан баштап, алардын ээлеген кызмат орундары Конституцияга ылайык узартылды.

Алар:

- Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

- Ташкараева Анарбүбү Конгайтиевна - Талас облусунун Талас шаардык сотунун судьясы;

- Эшалиев Нурманбет Касымбекович - Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД