“Тез жардамдын” айдоочусу жол кырсыгына ал күнөөлү экенин моюндады

“Жол кырсыгы медициналык тез жардам машинасынын айдоочусунун күнөөсүнөн улам болду”, - деп Саламаттыкты сактоо департаментине караштуу автобазанын директору Нургалы Сооронкулов жол кырсыгына кабылган “тез жардамдын” айдоочусуна шилтеме берүү менен “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, “тез жардамдын” айдоочусу жол кырсыгына ал күнөөлүү экенин мойундап, укук коргоо органынын кызматкерлеринин машинасына келтирилген чыгымдын ордун төлөп берүүгө сөз берген. Ал канча суммадагы каражат болорун Сооронкулов тактаган жок. Жол кырсыгына кабылгандар МАИ кызматкерлерин чакырган эмес.

Эске салсак, Медициналык тез жардам станциясынын башкы врачынын орун басары Дмитрий Денисов 22синен 23-ноябрга караган түнү укук коргоочулардын машинасы менен “тез жардам” машинасы кагышканын билдирген. Жол кырсыгы 110-кварталда орун алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД