Алдын ала жыйынтык боюнча “Республика” Таласта жеңишке жетишүүдө

Талас шаардык кеңешке болгон шайлоодо алдын ала жыйынтык боюнча “Республика” жеңишке жетишүүдө. Мындай маалыматты БШК жарыялады.

7 пайыздык тосмону аша алган партиялардын тизмеси мындай болду:

1. “Республика” – 41,88 пайыз (2 миң шайлоочу);

2. КСДП – 15 пайыз (735 шайлоочу);

3. “Замандаш-Современник” – 13,43 пайыз (658 шайлоочу);

4. “Ата Мекен” – 11,71 пайыз (574 шайлоочу);

5. “Акшумкар” – 7,2 пайыз (353 шайлоочу).

Шаардык кеңешке өтүү үчүн аз гана добуш жетпей аткан партия “Авангар” (6,9 пайыз) жана “Мекен Ынтымагы” (2,88 пайыз). Баардыгына каршы деп 0,45 пайыз шайлоочу добуш берген.

Учурда 10 шайлоо бөлүгүнүн 9у саналып бүттү. Ал эми №6108 шайлоо бөлүгүндөгү шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД