Феликс Кулов: Мен таза шайлоо болбогонунан улам кеттим

Менин парламенттеги көпчүлүк коалициянын төрагалыгынан кетишим – Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо таза өтпөгүнө каршылык катары болду”, деп “Ар-Намыс” фракциясынын жыйынында анын лидери Феликс Кулов билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн азыр “коалициянын лидери болуп туруу моралдык жактан туура келбейт. Анткени бийлик шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулардын алдын ала алган жок”.

Бирок, депутат коалиция жөнүндөгү жободо анын төрагасынын алмашуусу тууралуу процедура жазылбагандыгын белгиледи. Кийинчерээк анын ордуна ким келе турганы белгилүү болорун кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД