Абдрахманов: Атамбаевдин тарыхта улуу адам катары калуу мүмкүнчүлүгү бар бо

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын дарегине расмий КСДП тарабынан көптөгөн сын пикирлер айтылууда. Бул кыймылга коюлган талаптардын бири катары, анын Юстиция министрлигинде катталбагандыгын белгилешет. Ушуга байланыштуу эмне үчүн буларга бүт өлкөдө иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилүүдө? – деп КСДП өкүлдөрү таң калышууда.

VB.KG редакциясынын ушул суроосуна "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов жооп берүүгө макулдугун берди.

Анын айткандарына караганда, КСДП партиясында бөлүнүү жок жана "Атамбаевсиз КСДП" кыймылын өзүнчө саясий уюм катары караганга болбойт, бул кыймыл Юстиция министрлигинен каттодон өтпөйт жана ага милдеттүү да эмес.

-Биздин кыймылдын расмий каттоодон өтүүсү милдеттүү талап эмес. Устав боюнча партиянын ичиндеги топ КСДП жетекчилигинин саясаты менен макул болбосо, өзүнчө кыймыл түзүүгө укугу бар. Тактап айтканда мындай кыймыл кандайдыр-бир же жалпы максаттарга жетүү үчүн түзүлөт. Кийин ага муктаждыктын кереги жоголуп, бир гана КСДП партиясы калат, - деди ал.

Партияда бөлүнүү жүргөн жок жана биздин кыймыл өзүнчө саясий уюм болуп саналбайт, - деп сөзүн улады Абдрахманов.

-Элдин көпчүлүгү мени туура эмес түшүнүп алды. Биз өзүбүзчө саясий уюм түзгөнүбүз жок. КСДПнын жөнөкөй мүчөлөрү биригип, паракорчулукка белчеден баткан партиянын жетекчилигинин жүргүзгөн саясатына каршылыгыбызды билдирип чыктык. Тарыхта мындай окуялар көп эле жолу болгон. Ошол эле большевиктер менен меньшевиктерди мисалга алалычы. Биз азыр ошол большевиктер катары чыгуудабыз, анткени биз көпчүлүктү түзөбүз. Ушуну менен бирге биз өзүбүз бөлүнүүнү каалаганыбыз жок. Биз өзүбүз өткөрүп жүргөн конференцияларыбызга Атамбаевди да, Карамушкинаны да эл алдына чыгып сөз сүйлөп, баардыгын түшүндүрүп бергиле деп чакырып эле жүрөбүз, бирок, алар келбей коюшту. Мен дагы бир жолу кайталап кетейин – партия – бул бир адамдын жеке менчиги эмес, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары Абдрахманов эмне үчүн алардын кыймылынын айланасында мынчалык чуу болуп жатканына таң калып жатканын билдирди.

-Бизде каршылаштарыбыздыкына окшогон медиа-ресурстарыбыз жок экендигине түшүнүп турам, ошондуктан түшүндүрүп кетким келет, жеке өзүмдө Атамбаевге карата эч кандай талабым жок. Суроо-талаптар КСДПнын жөнөкөй мүчөлөрүндө жана башкаларда бар, анткени, партияны жетектеп тургандар так ошолордун үмүтүн актабай, алдап кетип отурушпайбы. Атамбаевдин тарыхта улуу адам катары, өлкөнү бутуна тургузган жетекчи катары калуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мен анын шайлоо учурунда элдин алдына чыгып сүйлөп, кыргызстандыктарды бай турмушка алып келем деп убада бергендигин жакшы билем. Биз кичине өлкөдө жашайбыз жана бул максаттарга жетише алмакпыз, бирок, мунун ордуна ал жана анын айланасындагылар өз элин алдап кетишпедиби. Тарыхта эми анын ысымы Бишкек ЖЭБ, тарых музейи, кен байлыктарын иштетүүгө берилген лицензиялар жана башкаларга байланышкан паракорчулуктарга, жан сакчыларын, шоопурларын, катчыларын мамлекеттик кызматтарга дайындаганы менен байланыштырылып калат, - деп кошумчалады Сагынбек Уметалиевич.

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы февраль айынын аягында кезексиз жалпы республикалык съездин пландаштырып жаткандыгын белгилеп кетмекчибиз. Ал эми бул кыймылды тааныбаган социал-демократтардын расмий саясий кеңеши кезектеги съездин үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде өткөрмөкчү болуп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД