Бабановдун бир миллионго жакын акчасы уурдалды

Ош облусунун Араван районунда белгисиз бирөөлөр "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" ААК банкоматын ачып 900 миң сомду уурдап кетишкен. Бул жөнүндөгү маалыматты VB.KG редкциясына Ош облустук ИИББ билдирди.

Кылмыш үстүбүздөгү жылдын 9-февралынан 10-февралга караган түнү болгон. Ошол күндөн бери бир ай убакыт өтсө да, бул кылмыш ишине шектүүлөр аныктала элек. Белгисиз адамдар банкоматты арт жагынан ачкандыгына байланыштуу, видеобайкоо камерасы кылмыш жасалганын жана кылмышкерлерди тарта албай калган. Бул кылмышты көргөндөрдү да табуу мүмкүн болбой жатат. ИББ маалыматы боюнча, банкомат Ленин көчөсүндө жайгашкан банк филиалынын жанында орнотулган. Бул факт кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Эске салсак, "КЫРГЫЗСТАН" банк президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановго таандык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД