КСДП мүчөлөрү Минюст жетекчисин кызматтан кетирүүнү талап кылышууда

КСДПнын Алмазбек Аатамбаевди колдогон тарапташтары Юстиция министрлигинин имаратынын алдына каршылык билдирүү акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары партиянын уставына мамлекеттик органдын Сагынбек Абдрахмановду каттоого алган чечимине нааразычылык билдиришүүдө.

Ал буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы болуп, "Атамбаевсиз КСДП" кыймылын түзгөн. Апрель айында КСДП альтернативалык съездин өткөрүп, партиянын жетекчиси болуп шйланган. Ал эми Юстиция министрлигинде бул чечимди кабыл алышып, тиешелүүү өзгөртүүлөрдү маалымат базасына киргизишкен.

Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы мындай чечим менен макул эместигин билдиришүүдө. Акциянын катышуучулары юстиция министри Марат Жаманкуловду кызматынан кетирүүнүн талап кылышып, ал эми Абдрахмановдун өзүн саясий басып алуучу катары күнөөлөшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД