Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу иши башталды

Эгер бүгүн парламентте Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча добуш берүү болсо, көпчүлүк депутуттар колдоп беришмек, деп эсептейт депутат Исхак Масалиев. Ал VB.KG редкциясына берген маегинде парламент кантип мурдагы президентти кол тийбестиктен ажырата ала турган жолун айтып берди.

Бул маселе боюнча иш башталды, эми ал кандайча аяктайт алдын ала айтыш кыйын. Депутаттардын 1/3 колдоосуна ээ болгон документ Башкы прокуратурага жөнөтүлүшү керек. Ал жактан Жогорку Кеңешке экс-президенттин кол тийбестигин ажыратуу боюнча билдирүү жиберилет. Эгер депутаттардын 2/3 аны колдосо, экс-президенттин кол тийбестик статусу алынат, - деди Масалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн депутат Канат Исаев парламенттин спикери Дастан Жумабековго Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча документти тапшырды. Бул документке 40 ашык депутат кол койгон.

Исхак Масалиев ишендиргендей, өзү бул документти көргөн эмес жана кол койгон жок.

-Бул иштердин баары мурдагы президентти мамлекет башчысы болуп турган убакта кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартыш үчүн керек. Ал азыр, президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин, кадимки эле башка жарандардай мыйзам алдында жооп берет, - дейт Масалиев.

Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева соцтармактагы өз баракчасында, Алмазбек Атамбаевди камаганга эл жол бербейт, деп жарыялады.

-Эгер бийликтегилер коомчулукту козуткусу келсе, анда байкап көрүшсүн аягы эмне менен бүтөөрүн, - деп сөзүн аяктады Жолдубаева.

Мурда, президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Эми депутаттар Алмазбек Атамбаевди 8-июндагы митингде сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин, аны чынында эле жоопкерчиликке тартуу маселесин ойлой башташты окшойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД