С. Жээнбеков Си Цзиньпинге жогорку сыйлык тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинди I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады. Тапшыруу аземи бүгүн, 13-июнда Кытай менен Кыргызстандын башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин болуп өттү.

-Мен үчүн сизге мамлекеттик жогорку сыйлык I даражадагы "Манас" орденин тапшыруу чоң сыймык. Сиз эки тараптуу стратегиялык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, дайыма Кыргызстанды колдоп келгендигиңиз үчүн ракмат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде КЭР төрагасы бул сыйлыкты жогору баалап, мындан ары эки тараптуу өнүгүүгө дагы көп күч жумшай тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, КЭР төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Эртең, 14-июнда ал ШКУ саммитине катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД