Динара Сагинбаева ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу үй камагына чыгарылган Динара Сагинбаева Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын жетекчилик кызматынан убактылуу четтетилди. Мындай чечим кече жакында сот тарабынан чыгарылды.

ИИМ басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, мындай өтүнүч менен "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин алып барган тергөөчү кайрылган.

Саламаттык сактоо министрлиги соттун бул чечимин аткарууга тийиш.

Белгилей кетсек, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Аида Исмаилова Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна шектелип жаткан Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы министри Динара Сагинбаева кызматын улантып жатканын айтып чыккан.

"Эмне үчүн тергөө иши жүрүп жаткан учурда аны ээлеген кызматынан бошотушкан эмес? Ал өзүн актоо аракеттерин жасашы мүмкүн да?, - деп билдирген парламент депутаты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы министри Динара Сагинбаева Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу 14-майда кармалган. Бирок, 26-майда аны тергөө менен кызматташтыгын билдиргени үчүн үй камагына чыгарышкан. 8-июндан баштап ал Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын жетекчиси катары жумушка чыга баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД