Атамбаев бийликти сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлап жатабы?

Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы тарапташтарынын саны азайган жок, кайсы бир деңгээлде президенттин экс-кеңешчиси Айбек Азыранкуловдун алар тарапка өтүшү буга далил болгонсуйт. Анын үстүнө буга чейин Атабаевдин айланасында байкалбаган УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен ИИМдин мурдагы министри Улан Исраилов да көлөкөдөн чыгышты окшойт.

Саясат таануучулар да мындай "каршылашуу" эмне менен аяктаарына биринен-бири калбай "көз ачыктык" кылышууда. Бирөөлөрү мурдагы мамлекет башчысы өзүнүн пикирлештери менен бийликти көкүтүп, абалды курчутууга талаптанып жатат десе, башкалары – ал камалгандан коркуп, айланасына элди топтоп жатканын айтышууда.

Мындай варианттардын кайсынысы бүгүнкү күндөгү көрүнүшкө жакын экендигин так айтуу кыйын, ошондой болсо да Атамбаевдин тарапташтары президенттин отставкага кетишин жана парламенттин таркатылышын талап кылуу менен эртең митингге чыгууга даярданышууда.

Азыркы жана мурдагы президенттердин каршылашуусун аягына чыгара турган дагы бир өзүнчө кызыгууну жараткан жоромол бар. Ага ылайык, убакыт өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүнү каалаган Атамбаевдин пайдасында өтүп жаткандай.

Баардык акыркы жана алдыда боло турган Атамбаевдин тарапташтарынын акциялары, маалыматтык атаандаштыкты жана эртеңки митингди кошуп бир максатты - өз күчүн көрсөтүүнү көздөөдө.

Мына ушундай жайгдайда гана бийлик, жок дегенде абалды курчутпаш үчүн аны менен сүйлөшүүлөргө барууга мажбур болот. Албетте, Атамбаев өзүнүн бир канча шарттарын коёт, алардын ичинен КСДПны кайтарып берүү, өз пикирлештерин абактан чыгаруу жана келерки парламенттик шайлоого катышуу мүмкүндүгүн берүү. Өзгөчө акыркы шартка күчтүү басым жасалат болуш керек.

Бийлик мындай шарттарга көнөбү? Сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев өз командасы менен 2020-жылдагы парламентке өтө турганын эсепке албай койгонго болбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД