С.Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрүп жатат

Бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибинде "2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо" маселеси каралып жатат. Ага массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жок.

Президент өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу 5-августта башталган кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, 7-августта кечинде Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД