Кой-Ташта барымтага алууда күнөөсү барлардын баары жоопко тартылышат. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматы белгилегендей, ички иштер органдары тарабынан УКМК кызматкерлерин Кой-Таш айылында барымтага алуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, КР Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталган.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан баардык ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ички иштер органдары 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде видеоматериалдарга тартылган адамдарды аныктоого жана издөөгө алып, алардын баардыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жообуна тартылаарын билдирет.