Эксперт: Мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө Опумбаев оюнан чыгарган

УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландаштырган, "ага кан төгүлүшү керек болгон" деп билдирди. Мындай деңгээлдеги аткаминердин билдирүүсү ансыз деле Атамбаевди колдогондор жана ага каршы тургандар болуп бөлүнүп жаткан коомдогу абалды курчутуп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу россиялык "НГ" басылмасынын автордук материалында айтылды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата массалык баш аламандыкты уюштуруу жана бирөөнү өлтүрүү үчүн кол салуу айыптоолоруна дагы мамлекеттик төңкөрүштү пландаштыруу айыбы кошулду. УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев пресс-конференцияда "Атамбаевге кан төгүү мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн керек болгон" деп айтты. Күч түзүмүнүн башчысынын айтымында, экс-президент бул операцияга көптөн бери эле даярданып келген. Ал "өзүнүн үйүндө аялдарды, балдарды жана чалдарды чогултуп, аларга 1 миң сомдон төлөп турган. Анын ою боюнча – милициянын келери менен кагылышуулар башталмак", - деп түшүндүрдү Опумбаев. Анын айтымында, "Атамбаев жөн эле колго тшүп бербей турганы түшүнүктүү болгондо, бир нече күч колдонуу аракеттери жүрүп, курал колдонулганда, биз чечим кабыл алганбыз", - деп АКИ-пресс УКМК башчысынын сөздөрүн келтирет. "Бирок Атамбаевдин үйүн көздөй качуусу, баш аламандыктын башталышына алып келди, эгер ал качпаганында... Эмне үчүн качып кетти? Ал эмнеден коркту? Оперкызматкер ага суракка келүү билдирүүсүн гана бермек. Ал аны окуп, суракка барбай тургандыгын айтмак. Андан кийин аны тергөө башкармалыгына алып келишип, күбө катары суракка алышмак". УКМК башчысынын айтымында, "Атамбаевдин башка ою болгон. Ал кагылышууну каалаган, ал ушундай болоорун билген... Өзүнүн тарапташтары чогулганча, ага атышуу керек болгон. Мунун баардыгы уюштурулган", - деп белгиледи Опумбаев.

Саясат таануучу, Борбордук Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов - "УКМК башчысы Орозбек Опумбаевдин сөсздөрүнүн маанисине түшүнүү кыйын. Опумбаев же орус тилинде жакшы сүйлөй албайт, же Атамбаев мамлекеттик төңкөрүштү даярдаган, бул үчүн ага кан төгүү керек болгонун" далилдөөчү сөздөрдүн байланышын колдоно алган эмес. Ооба, Атамбаевди көп кылмыштар боюнча айыптоого болот, "Алфанын" офицеринин каза болушу, экинчисинин жаракат алышы, анын суракка келбей коюшу боюнча, бирок, мурдагы президент мамлекеттик төңкөрүштү даярдаган деген билдирүү Опумбаевдин оюнан чыгарганы менен барабар, - деди "НГ" басылмасына Дубнов. Эксперттин пикири боюнча, "Кыргызстандын күч струткрасынын жетекчисинин жогорку деңгээлде буга окшогон такыр далили жок айыптоосу, мындай кадамдын аягы эмне менен бүтөөрүн бийлик анча жакшы түшүнбөй жаткандыгын билдирет". "Бул билдирүү өлкө башчысынын дарегине элди кайраштыруу, адилетсиз айыптоо, бийликке жакпагандарга кысым көрсөтүп, алардан өч алуу сыяктуу жаңы айыптоолордун башкы катализатору болушу мүмкүн. Тилекке каршы, Кыргызстандагы саясий оюндардын улуттук өзгөчөлүгү болуп калган төңкөрүштөр, өлкөнү терең туңгуюкка такаган жаман тизмекти кайталоодо, - деп белгиледи эксперт.

Ошону менен бирге Атамбаевдин тарапташтарын репрессиялоо улантылууда. Укук коргоочу Рита Карасартова Facebookтагы өз баракчасына жазгандай, Кой-Таш айылында Атамбаевдин үйүнө болгон чабуулдун кырдаалын аныктоо боюнча ("НГ" 08.08.19) тинтүүлөр жана суракка алуулар жүргүзүлүүдө. Күч структураларынын кызматкерлери көчөдөгү элди кармап, 2 миң доллар акча талап кылып, болбосо күбө катары айып тагуу менен коркутушкан. Айылда ушул кезге чейин жарык берүү, Интернет жок, ТВ берүүлөр токтотулган.

Эксперттердин айтымында, Кой-Таш айылындагы окуя чынында эле кыргыз элин түндүк-түштүк кылып бөлүп койду. Бийлик алардын арасына касташуу жана саясий трайбализм данын чачып салды. Кыргыз мамлекетинин саясий деградацияга туш болуу процессинин ылдамдашы башталды.

Оппозициядагы саясатчы Равшан Жээнбеков "НГ" басылмасына берген маегинде, Түндүк-Түштүккө бөлүнүү башталды жана биздин жакыр өлкөдө аны жарым жыл, бир жыл ичинде күн тартибинен алып салуу мүмкүн эмес. Трайбализм менен регионализм өнүккөндө, жакырлыктын дэңгээли жа жогорулайт, бул көйгөй тереңдей баштайт. Саясатчынын айтымында, Атамбаевдин камалышынан кийин коомдогу пикир да бөлүнүүгө учурады. "Албетте, бийликти жана күч операциясын колдогондор да бар. Бирок, курал колдонууну айыптагандар көбөйүүдө. Анткени күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери резина ок менен атышса да, алар курал Атамбаевде гана бар болгондугун билип туруп, куралы жок элге чабуул жасашкан, - деп белгиледи Жээнбеков. Анын пикири боюнча, саясий абал Атамбаев түрмөдө отурганына карабастан курчуй баштайт.

Аркадий Дубнов Атамбаевди саясатчы катары эсептен чыгарып салуу өтө эле эртелик кылат деп эсептейт. "Азыр Атамбаевдин саясий карьерасы бүткөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул шашып кабыл алынган түшүнүк. Кыргызстан – саясий, социалдык жана криминалдык сюрприздердин өлкөсү. Мындан көп жыл мурда, Акаевдин бийлиги учурунда вице-президент Феликс Кулов беш жылга камалган эле, кийин түрмөдөн чыгарылып, премьер-министр болуп калды. Азыркы убакта Атамбаевдин көрсөтмөсү менен белгилүү саясатчы, парламенттин экс-спикери Текебаев түрмөдө отурат. Ал камактан чыккандан кийин кайрадан чоң саясатка кайрылып келиши да мүмкүн, - деп белгиледи эксперт.

Анын пикири боюнча, Кыргызстанда мындан кийинки абал кандай өнүксө да, анын демократиялык аброюна өтө катуу зыян келтирилди. Жакында эле Борбордук Азияда биринчи жолу мамлекет башчысы конституциялык укугун өз каалосу менен шайлоодо жеңип чыккан жаңы президентке өткөрүп бергендиги боюнча кичинекей тоолуу өлкөнүн дарегине дежурлук мактоолор айтылып жатты эле. Эми бул прецедент өз маанисин жоготту. Кыргызстандын төртүнчү президенти да өз өлкөсүндө куугунтукталып, көптөн бери чет жерде жүргөн биринчи жана экинчи президенттердин катарында калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД