Саясатчылардын "дымып жатканы" эмнени билдирет?

Бүгүн Кыргызстандагы саясатчылардын активдүүлүгү мурдагы убактарга салыштырмалуу азайып калды. Ал эми Интернеттин колдонуучулары, өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча саясатчылар оозуна суу толтуруп алгансып, өздөрүнүн көз карашын билдирбей жатышат деген суроолорду көп беришүүдө. Саясатчылар "унчукпай отуруп алып", өлкө башчысы өз көйгөйлөрү менен өзү алышсын, мунун аягы эмне менен бүтөөрүнө байкоо салып, анан мурдагы президентке карата кандай мамиле жасалган сыяктуу, дагы бир жаңы толкунду колдоп кетүүгө болот дешип, президентке тымызын саясий бойкот жарыялап жатышат деген да пикир бар. Ошондой эле саясатчылардын мындай "бошоңдугунун" себептери катары, алдыдагы парламенттик шайлоолорду же кадимки эле коркоктукту аташууда.

Мына ушундай суроолорго түшүндүрмө берүүсү үчүн, VB.KG редакциясы "Ак калпак" партиясынын лидери Улукбек Маматаевге кайрылганында, ал саясатчылардын коркуп жатышкандыгын Атамбаев менен байланыштырды.

-Аны камап салышпадыбы, эми баардыгы коркуп калышты. Өлкөдө күчтүү оппозиция жок сыяктуу эле, лидер да жок. Эч кимден таяныч издей албайсың, ал эми көтөрө турган көйгөйлүү маселелер чынында эле көп. Бирок, эртеңки күнгө ишеничтин жоктугунан баары коркуп турушат. Мурда эл алдына чыгып ачык сүйлөгөндөргө бийликтегилер акырындык менен кызматтарды сунушташып, алар четтеп калышууда. Мисалы, ММКалар Азимбек Бекназаров Малайзияга элчи болуп кетиши мүмкүн деп жаза башташты, жаманбы-жакшыбы ал ар дайым бийликти, анын ичинен Атамбаевди да сындап келген. Бул сөздөр жалган болушу мүмкүн, бирок, ага ушундай жол менен элчилик кызматын берүү ишарасын кылып жатышканын да эсепке албай койгонго болбойт, - деди ал.

Редакциянын маектешүүчүсү парламентке шайлоолор өткөндөн кийин Кыргызстанда оппозиция пайда болот жана активдешет деген божомолун айтты.

-Азыркы саясатчылардын эч кимиси шайлоолорго чейин, бийликтин каарына калгысы келбейт. Чыныгы оппозиция шайлоолор өткөндөн кийин пайда болот жана анын катарына биринчи кезекте, парламентке өтпөй калгандар кирет. Ага чейин баары оңтойлуу учурду күтүү позициясын карманышууда, - деп кошумчалады ал.

Маматаевдин пикири менен Кыргызстандагы дагы бир коомдук ишмер макул болду, ушуну менен бирге ал өзүнүн ысымын атабай эле койууну өтүндү.

Ал бүгүн бийликке каршы туруунун жөнү жок, анткени, унчукпай кутулуу ыңгайлуураак болуп калды деген ишеничте.

-Азыр күрөшүүнүн эч жөнү жок, сен жөн гана белгилүү адамдар тобунун душманы болуп каласың. Баары шайлоолордун башталышын күтүп отурушат. Ошондуктан шайлоолорго даярданып жана кайсы топторго биригүүнүн жолун издешүүдө. Оңтойлуу убактан мурда башты кылтыйтып чыгаруунун эч кимге кереги жок. Мурдагы президентти жулмалап камап тынышты, эми башкалардан тартынып отурушмак беле. Азыр унчукпай гана байкоо салып туруу жакшы экендигин баары түшүнүштү, антпесең, өзүңө эле жаман болот. Ар бир бийлик эртеби-кечпи, каталарды кетире баштайт. Эгер ал кулай баштадыбы, кийин аны ар дайым сындай берсе болот, Атамбаевдин бийлиги учурунда унчукпай отурган саясатчылар деле ушундай кылышпадыбы, - деп мисал келтирди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД