Арстан Алайдын тарапташтары Жээнбековдун отставкасын талап кылышты

Ишемби күнү, 12-октябрда, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылган митинг өткөрүлдү. Бул тууралуу видео соцтармактарда пайда болду.

Акцияга 20га жакын адам, негизинен аялдар катышты. Роликтен көрүнүп тургандай, булар Арстан Алай же ошол эле Арстанбек Абдылдаев – "зима не будет" деп айтып баардыгына белгилүү болгон коомдук ишмердин тарапташтары экендиги түшүнүктүү болду. Айта кетсек, ал жакында эле журналисттерге Ааламдын амири менен 2020-жылы Кыргызстандын президенттигине дайындалгандыгын билдирген.

Митингдин катышуучулары колдоруна: "Сооронбай Жээнбековдун кыргыз элин башкарууга жана адамзатты сактап калууга күчү жетпейт. Ал Ааламдын XXI кылымдагы талаптарын билбейт. Ошондуктан ал тынчтык жолу менен, элди кыйнабай отставкага кетиши керек", "Эски түшүнүктөгү саясатчылар бизди каатчылыкка, туңгуюкка кептешти. Биз алардын отставкага кетишин талап кылабыз!" деген чакрыктар жазылган плакаттарды кармап алышкан.

Каршылык акциясы уруксаты жок өткөрүлгөн окшойт, ошондуктан милиция кызматкерлери аларды таркатып жиберишти.

Бишкек ШИИББ VB.KG редакциясына бул митинг боюнча түшүндүрмө берүүнү убада кылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД