Коомдук комиссиянын жыйынына Арашан айылынын тургундары катышты (видео)

Кече күнү Бишкекте 7-8-августта Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын экинчи жыйыны өткөрүлүп, ага Кыргызстандын бир нече коомдук ишмерлери катышты.

Жыйынга коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев, жазуучулар Союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер Мукаш Осмоналиев, экс-премьер-министр Алманбет Матубраимов жана Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков катышып, алардын ар бири 7-8-августтагы Кой-Таш окуясына, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана күч структураларынын иш-аракетине өз бааларын беришти.

Ушуну менен бирге Коомдук комиссиянын жыйыны урматтуу аксакалдардын катышуусу менен гана чектелбестен, бул иш-чарага күтүүсүздөн Арашан айылынын, чабуул болгон учурда Атамбаевдин үйүндө болгон тургундары да келип калышты. Алардын айтымында, Коомдук комиссиянын мүчөлөрү менен таанышып жана бул иш калыс жүргүзүлүп жаткандыгын билүү, ошону менен бирге Кой-Таштагы окуя боюнча өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүү үчүн бул жыйынга келишкен.

Алардын айрымдары күч структураларына болгон нааразылык талаптарын билдиришти. Атап айтсак, Арашан айылынын тургуну Нуржамал Ташыбаева катуу добуш чыгаруучу гранатанын жарылуусунан жабыр тарткан. VB.KG редакциясына берген маегинде, атайын багыттагы кызматтын аскерлери чабуулду тынч чогулган тургундар тараптан эмес, Атамбаевдин үйү жагынан баштаса, ошондой эле Атамбаевдин үйүнө күзөттөн башка эч ким жок, эртең мененки убакта келишсе болмок, - деди ал.

Ташыбаеванын берген маеги жана Коомдук комиссиянын жыйыны жөнүндө VB.KG редакциясынын репортажынан толук көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД