Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын чечими жөнүндө

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия өз ишин аяктады. Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкуловадан башка комиссия мүчөлөрүнүн баардыгы бул чечимдин акыркы вариантына кол коюп беришти. Жакынкы убакта бул документ Жогорку Кеңештин талкуусуна киргизилет.

-Жогорку Кеңеш мени отурумга чакырат деп ойлобойм, анктени, ал жакта доклад жасай турган адамды даярдап коюшкан, чынын айтсам, мен аны комиссиянын жыйынында бир эле жолу көргөм, - деп белгиледи Сооронкулова VB.KG редакциясына берген маегинде.

Конституциялык палатанын экс-судьясы корутундуга эмне себептен каршы добуш бергенин айтып берди.

-Комиссиянын корутундусу абдан бүдөмүк берилген. Анда комиссияны түзүүнүн эмне кереги бар эле – абалды башка бирөө деле иликтей алмак, бир-эки экспертти жалдап алуу деле мүмкүн болмок. Бирок, Аксы, Ош окуяларын иликтегендей комиссия түзүлгөндө, ал бул абалдын жүрүшүн жөн гана сүрөттөп бербестен, ага байланышкан көйгөйлөрдү аныктамак. Комиссияны түзүүнүн негизи мына ушуну менен байланышкан – бул абалдын келип чыгуу себебин аныктоо жана биргелешип чечүү боюнча сунуштарды берүү. Бирок, тилекке каршы, комиссиянын мүчөлөрү жөн гана сүрөттөп берүүнү чечишкен, - деп түшүндүрдү Клара Сооронкулова.

Ал ишендиргендей, Жогорку Кеңеш бул мамлекеттик комиссияны түзүү менен, атайылап эле өз милдетин башкаларга жүктөп салды.

-Мындай комиссияны Жогорку Кеңеш так өзү түзүш керек болчу. Депутаттык комиссиянын кандайдыр-бир окуяларды иликтөө боюнча статусу Жогорку Кеңештин регламентинде так жазылган. Бирок парламент көз карандысыз комиссияны түзүп жана ага коомдук саясий ишмерлерди тартуунун ордуна, багытты өкмөт тарапка буруп салуу менен чектелди. Ал эми өкмөт өз иш-аракетин кантип текшермек эле? Ошондуктан бул комиссияны түзүү башынан эле туура эмес болгон деп эсептейм, - деп сөзүн аяктады экс-судья.

Ал эми мурдагы аскер прокурору, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев комиссия өз алдына койгон максатына жетти деп эсептейт.

-Канча адам болсо, ошончо пикир жаралат. Албетте, кимдир-бирөөлөр ыраазы болбой калды. Бирок чечим талкууланып, анан көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Биз башынан эле укуктук эмес, коомдук-саясий баа берүү максатын койгонбуз. Албетте, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү тергөө органдарынын иш-аракетине түшүндүрмө берүүнү каалашкан. Бирок, мен муну туура эмес деп эсептейм. Президент дагы тиешелүү органдардын чечимин күтүү керек деп туура айтты. Биз коомдук-саясий гана бааны беребиз. Ал эми тергөө өз жыйынтыктарын берет – биздин коомдо азыр бир-нерсени жашырып калуу мүмкүн эмес, - деген оюн айтты Кожоналиев.

Ал белгилеп кеткендей, комиссиянын чечиминде – окуянын жүрүшү гана эмес, анда корутундулар дагы бар. Ошону менен бирге, комиссиянын 7-8-августта Кой-Таштагы окуянын чыгуусуна алып келген себеп-натыйжаларынын байланышына баа берүүсү да бар. Бирок Кожоналиев бул себептерди ачыктаган жок, анткени "түзөтүүлөр киргизилгендиктен" ката кетирип аламбы деп чочулагандыгын билдирди.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын Мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламенттин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД